Түркия жер титирөдөн кийин жардам жана колдоо көрсөткөн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди
2023-жылдын 7-мартында Түркиядагы КР элчиси Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Чавушоглу түрк элинин башына оор сыноо түшүп турганда көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн Кыргызстанга терең ыраазычылыгын билдирди, ал эми бул эки өлкө элинин ынтымагын дагы бекем чыңап, кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы барагын ачты.