Азия өнүктүрүү банкынан алынуучу $50 млн насыянын баарына Казакстан менен Түркмөнстандын электр энергиясы сатып алынат
Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) ортосундагы $50 млн кредиттик макулдашууну карап, ратификациялашты. Депутат Дастан Бекешев кредиттик каражаттарды алуунун шарттарына кызыкты. Буга Каржы министринин орун басары Руслан Татиков насыянын мөөнөтү 24 жыл, анын сегиз жылы жеңилдетилген мөөнөт экенин айтты. Насыя жеңилдетилген мезгилге 1% жана