Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 10-декабрда мамлекеттик сапары менен келет – эки тараптуу документтерге кол коюлат
10-декабрда Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук,