2022-жылдын январь-октябрь айларында мамкарызды төлөөгө дээрлик 29 млрд сом жумшалды
2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө (тышкы+ички) 28 млрд 854 млн сом бөлүнгөн. Бул маалыматты Каржы министрлиги билдирди. Төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 19 млрд 511 млн сом. Ички карыз боюнча төлөмдөр 9 млрд 343 млн сомду түздү. Мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.