Кумтөр акиташ чыгаруучу жана дөңгөлөктөрдү иштетүүчү завод курууну пландап жатат
Президенти Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Кеңешмеде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын президенти Алмаз Барыктабасов отчеттук мезгил учурунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле геологиялык