Назира Абдиева

ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт

Учурда ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылоо баскычында турат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) жетекчиси Артем Новиков КРнын Экономика министринин энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) тармагында иш алып баргандар менен болгон жолугуушусунун жыйынтыгында билдирди. Анын айтымында, фонд азыр Куланак жана “Бала-Саруу” ГЭСтерин кошкондо 185

«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз

Бизнес

«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз

«Белес KG» компаниясы Бишкек шаарын автобус менен камсыздоого кубаттуулугу жетпейт эле деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына ишкананын жетекчиси Мирбек Аскалиев билдирди. Аскалиевдин айтымында, мэрия буюртма берсе, компания каалаган санда автобустарды чыгарып берүүгө даяр. Мындан тышкары, өндүрүштүн кубаттуулугу тендерди аткарууга күчү жетмек. «21-июлдагы тендерге катышууга расмий арызда

Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар - Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео)

Нарын облусунда лыжа спортун өнүктүрүү боюнча биринчи кадамдар жасала баштады. Нарынга тажрыйбалуу лыжа тепкен Швейцариялык туристтер келип, аларды жергиликтүү гиддер коштоп жүрүшкөн. Нарындагы туризм жаатында эмгектенген Бакыт Асакеевдин айтымында, Нарынга келген туристтерге Бишкектеги Nomads land туристтик компаниясы, Naryn nomad travel комнаниясы тейлөө кызматын көрсөтүшкөн. “Биринчи жолу бийик тоого атайын лыжа

Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт

Interact компаниясынын адистери ӨКМдин 10 инструкторуна жана 120 өрт өчүрүүчүгө атайын тренингдерди өткөрөт. Андан кийин инструкторлор башка өрт өчүрүүчүлөргө XR системасы аркылуу машыгууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча KOICA агенттиги КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте “КР ӨКМдин өрт-куткаруу кызматтарынын дараметин

Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында эмне үчүн Бишкек мэриясы 120 автобусту жергиликтүү «Белес» компаниясынан эмес, Кытайдан сатып алганын түшүндүрдү. Анын айтымында, «Белес» азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берип

Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты - Head Hunter

2022-жылы кыргызстандыктар көбүрөөк фрилансерлик жумушуна өтүп, экзотикалык өлкөлөргө кете башташты. Head Hunter мындай жумушту издегендердин саны 243%га өскөнүн билдирди. 2022-жылы иш берүүчүлөр фрилансерлерге тажрыйбасына жана компетенциясына жараша 24 миң сомдон эң көп дегенде 130 миң сомго чейин айлык акы сунушташты. Мындай жыйынтыктан фрилансерлердин айлыгы кеңсе кызматкерлеринин айлык акысынан эч

Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү

Өткөн ишембиде, 28-январда Борбор Азиядагы Америкалык университетинде Кыргызстанда жаңы аялдар кыймылын баштаган Techno Women Kyrgyzstan 2023 деп аталган ири иш-чара болуп өттү. Анын башкы миссиясы – жогорку технологиялар тармагында аялдар менен кыз-келиндер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу болуп саналат. “Иш-чаранын спикерлери жогорку технологиялар тармагындагы Кыргызстан менен Казакстандын атактуу инсандары болушту. Иш-чарага катышуу

Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти

Коммерциялык банктардын депозиттик портфели 2022-жылдын декабрынын акырына карата 338.9 млрд сомдон ашты. Жыл башынан бери өсүш 107 млрд сомду түзгөнүн Улуттук банк билдирди. Белгилей кетсек, депозиттердин жарымынан көбү сомдо салынып – алар 123.6 миллиарддан 184.3 млрд сомго чейин көбөйгөн. Чет элдик валютадагы депозиттер 154.5 млрд сомдон ашты.

Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт

2017-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстандын калкынын арасында жакырчылыктын өсүшү байкалган. 2021-жылдын аягында 1 млн 74 миң бала жакырчылыктын эң жогорку чегинде жашаган. Мындай маалыматтарды КР Улуттук статистикалык комитети берди. Улутстаткомдун маалыматы боюнча, эң оор абал Жалал-Абад облусунда байкалган, ал жерде балдардын 52%ы жакырчылыктын чегинде жашайт. Кийинки орундарда Нарын облусу (48.

Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз фондулук биржасында (КФБ) 18.6 млрд сом суммасында 2017 бүтүм түзүлгөн. Бул тууралуу 31-январда КФБнын президенти Медет Назаралиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул биржадагы сооданын көлөмү боюнча тарыхый көрсөткүч болуп саналат, анткени 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. «Бул мамлекет түшүнүгүн көрсөтүп баштады дегенди билдирет,

БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Баткен облусунда чек арадагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган 25 миң 642 кишиге жардам беришти. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди. Алар 496 тонна азык-түлүк менен камсыз кылып, ар бир үй-бүлөгө 100 кг байытылган буудай унун жана 10 литрден өсүмдүк майын беришкен.

Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат

Коррупциялык элементтерди жоюу жана Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө үчүн түштүк облустарда байкоо камералары орнотулуп жатканын Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ош шаарындагы КТБна 56 кошумча байкоо камералары имараттын аралыгындагы аймактарга жана операторлордун иш орундарына орнотулган. Жалпы жонунан Ош облусуна 108 байкоо камералары орнотулат. Ошондой эле, 31 даана байкоо камералары