Кыргызстандыктар Түркия жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 12.3 млн сом которду
Учурда жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 12.3 млн сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана