Сак болуңуз! Улуттук банктын атын жамынган алдамчылар элдин ишенимине кирип жатат
Улуттук банктын кызматкерлеринин атынан тариздетилген жасалма күбөлүктөрдү көрсөтүп, жарандарды алдоо учурлары уланып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жасалма документтер кылмышкерлер тарабынан алдамчылык жана жарандарды адаштыруу максатында колдонулуп жатат.
Улуттук банк Кызматтык күбөлүктөрдү мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт жана үчүнчү жактар аркылуу акча каражаттарын, жеке маалыматтарды же башка маалыматтарды сурабайт.
Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандардан этият болууну жана маалыматты расмий булактардан гана текшерүүнү сунуштайт.
