Эки алмаштыруу бюросуна жана эки жаранга Улуттук банк айып пул салды
КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлагандай, текшерүү учурунда мындан сырткары Бишкек шаарынын эки тургунуна айып салынган. Билдирүүгө караганда, алар Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүп жатышкан.
Алардын ар бирине Улуттук банк 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салды.