Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын саны былтыркыга салыштырмалуу 21% өстү

Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын саны  былтыркыга салыштырмалуу 21% өстү

2025-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы 2,03 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 21,07% өскөн. Мындай маалыматты Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын начальниги Айбек  Алиев бүгүн басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

“Акча которуулардын дүң агымы былтыркыга салыштырмалуу  16,14% жогорулап, 2,06 млрд АКШ доллар түптөлгөн. Эл аралык акча которуулардын басымдуу бөлүгү - 92% Россиядан келип түшкөн.”

Кыргызстанда жалпысынан акча которуу менен 20 эл аралык акча которуу системасынын операторлору алектенет. Алардын ичинен эл арасында көбүнчө Астрасенд, Золотая Корона, Money Gram, Юнистрим, Western Union  аттуу системалар колдонулат.

Алиевдин айтымында, 2025-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында акча которуулардын 47,02 пайызы Астрасент системасы аркылуу келген. Андан кийинки орунда Юнистрим жана Золотая корона аркылуу келип түшкөн.   

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди