Улуттук банк быйыл 590,5 млн долларга 6 интервенция жасаганы маалым болду

Улуттук банк быйыл 590,5 млн долларга 6 интервенция жасаганы маалым болду

 Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Кыргызстандын экономикалык активдүлүгү жогорку деңгээлде уланып, өсүүлөр экономиканын дээрлик бардык тармактарында катталганын брифингде билдирди.

"Кыргызстандагы реалдуу эмгек акынын өсүшү, башкача айтканда, инфляцияны эске алганда 10,9 пайызды түздү. Ошону менен бирге, акча которуулардын өсүшү 24,1 пайыз деңгээлинде болду. Улуттук банк биринчи кезекте экономикадагы акча сунушун колдо болгон инструменттер аркылуу активдүү жөнгө салууну улантып жатат", — деди ал банктын чаралары жөнүндө айтып жатып.

Козубеков белгилегендей, ички валюта рыногу учурда туруктуу болуп, алмашуу курстарынын ийкемдүүлүгү рынок шартына ылайык сакталып жатат.

"Ушул жылдын башынан бери алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу максатында Улуттук банк жалпы суммасы 590,5 млн долларды түзгөн алты интервенция өткөрдү. Бирок бул интервенциялар менен катар октябрдын аягына карата эл аралык резервдердин көлөмү өсүүнү улантып, 7,96 млрд долларга жеткенин белгилей кетүү керек", - деп билдирди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди