Улуттук банк эсептик ченди 11%га чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 11%га чейин жогорулатты

КРнын Улуттук банк Башкармасы 24-ноябрда эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунтка 11,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул чечим 25-ноябрдан тартып күчүнө кирет. 

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан берки инфляция 7,3%ды, жылдык инфляция 8,9%ды түздү. Баанын өсүшү негизинен сырткы факторлорго — дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын кымбаттоосу, региондогу инфляциянын жогору болушу жана импорттук товарлардын наркынын өсүшүнө байланыштуу шартталууда. Ошондой эле күйүүчү майдын, электр тарифтеринин жогорулашы жана ички керектөөнүн күчөшү азык-түлүктөн башка товарлардын кымбатташына таасирин тийгизүүдө.

Өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүк жогорку деңгээлде сакталууда. 2025-жылдын январь-октябрь айларында реалдуу ИДӨ 10%га өскөн. Буга кызмат көрсөтүүлөр, курулуш жана өнөр жай секторлору негизги салым кошту. Ички суроо-талаптын күчөшү реалдуу айлык акынын өсүшү, акча которуулардын көбөйүшү жана керектөө насыяларынын кеңейиши менен байланыштуу.

Банк сектору туруктуу бойдон калууда. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында банктардын кредит портфели 35,2%га, депозиттик базасы 35,7%га өстү. Депозиттердин долларлашуу деңгээли 35%га чейин төмөндөп, кредиттер боюнча долларлашуу 17,8%га түштү.

Улуттук банк тышкы инфляциялык басымдын уланып жатканына байланыштуу монетардык шарттарды күчөтүү зарылдыгы пайда болгонун белгилейт. Эсептик чендин жогорулатылышы орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 5-7%дык максаттуу диапазондо кармоого багытталган.

Эсептик чен боюнча кийинки пландык чечим 2026-жылдын 26-январында каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта