Ош облусунда мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү

Ош облусунда мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү

КРнын Улуттук банкынын Ош облустук башкармалыгы жүргүзгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам талаптарын бузган бир катар алмашуу бюролоруна карата чаралар көрүлдү.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, текшерүү жыйынтыгында төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензиялары убактылуу токтотулду:

  • "Валюта ММА" ЖЧК (Өзгөн шаары, Манас көчөсү, борбордук базар) — 2022-жылдын 21-сентябрында берилген №6362 лицензиянын аракети 2025-жылдын 25-ноябрынан 1-декабрына чейин токтотулду;
  • "Валюта Групп" ЖЧК (Ош шаары, Курманжан Датка көч., 405) — 2022-жылдын 8-августындагы №6337 лицензиянын аракети 2025-жылдын 25-ноябрынан 4-декабрына чейин токтотулду;
  • "Глобал Валюта" ЖЧК (Ош шаары, Курманжан Датка көч., 403/1) — 2023-жылдын 31-майындагы №6533 лицензиянын аракети 2025-жылдын 26-ноябрынан 5-декабрына чейин токтотулду.
Мындан тышкары, мыйзам бузуулар боюнча кабыл алынган чечимдин алкагында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы Ош облусунун Өзгөн районундагы дагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салды.

Улуттук банк мыйзам талаптарынын сакталышын камсыздоо жана финансылык рыноктогу ачык-айкындыкты жогорулатуу боюнча көзөмөл иш-аракеттерин улантарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди