Быйыл 111 акча алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Быйыл 111 акча алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Улуттук банктын банк эмес финансы кредиттик мекемелерди көзөмөлдөө башкармалыгын инспекторлору ИИМдин жана МСКнын өкүлдөрү менен биргеликте 2025-жылдын ичинде чет өлкө валюталарын алмаштыруучу бюролордун ишмердүүлүгүнө үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүп жатты.

Улуттук банктын расмий сайтынын маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында 460 буйрук жөнөтүлдү; 111 алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду; 12 бюронун лицензиясы кайтарылып алынды. Мындан сырткары 112 алмашуу бюросуна айып пул салынып, анын жалпы суммасы 6,16 млн сомду түздү. Ошондой эле лицензиясы жок валюта алмаштыруу менен шугулданган 152 жаранга айып пул салынды.

Азыркы тапта Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон 820 акча алмаштыруу бюросу бар.  Эгерде жарандардын акчасын алмаштырууда кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталса, Улуттук банкка 31-30-08 телефон номурлары менен же mail@nbkr.kg дареги аркылуу билдирүү жөнөтүү сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди