2000 сомдук эстелик банкнот түгөнсө, анын нумизматикалык баалуулугу жогорулайт

2000 сомдук эстелик банкнот түгөнсө, анын нумизматикалык баалуулугу жогорулайт

КРнын эгемендүүлүнүн 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата 2017-жылы КРУБ тарабынан 2000 сом номиналындагы алгачкы нумизматикалык эстелик банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

Кыргызстандын тарыхындагы бул эстелик акчаны азыр элдер накталай сатып алууда гана колдонбостон баалуу белек катары да пайдаланышат. Азыркы учурда Улуттук банктын кассаларында 2000 сомдук нумизматикалык эстелик банкноттордун жаңылары жана ошондой эле бул банкнотко тиешелүү кутулар (фолдер) сатылууда. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эстелик банкноттор чектелген нускада даярдалган жана ал кайталанып чыгарылбайт.

“Алардын жүгүртүүдөгү саны банкноттордун запасы түгөнгөн сайын азаят жана эскилиги жеткенге чейин жүгүртүүдө колдонула берет. 2000 сомдук банкноттун запастары жокко чыкканда, бул акча кайталанып басып чыгарылбайт жана анын нумизматикалык баалуулугу жогорулайтдеп билдирген Улуттук банктын басма сөз кызматынан.

2000 сомдук банкнот дизайн жагында мыкты жетишкендиктери, көркөм контексте заманбап коргоо элементтеринин колдонулгандыгы, ошондой эле технологиялык жасалгалоо өзгөчөлүгү жана ишенимдүү коргоого алынгандыгы үчүн эл аралык сыйлыктарга ыйгарылган.

Билдирүүгө караганда, Улуттук банк тарабынан азырынча бул сыяктуу эстелик акча бирдигин чыгаруу иши каралган жок.

 

Мындан тышкары окуңуз

“Дивиденд” кредиттик союзунун лицензиясы жокко чыгарылды

“Дивиденд” кредиттик союзунун лицензиясы жокко чыгарылды

Катышуучулардын 2025-жылдын 17-декабрында болуп өткөн кезексиз жалпы жыйынында өз ыктыяры менен жоюлуу чечими кабыл алынгандыгына байланыштуу, «Дивиденд» Кредиттик союзу» Финансы кооперативинин  лицензиясы 2025-жылдын 23-декабрынан тартып жокко чыгарылды.  Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, аталган кооператив Баткен областынын Лейлек районундагы Раззаков шаарында орун алган. 2025-жылдын 23-декабрына карата абал боюнча

Пенсияларды жогорулатууга 2026-жылга 1 млрд сом каралды

Пенсияларды жогорулатууга 2026-жылга 1 млрд сом каралды

Кыргызстанда 2026-жылы пенсияларды 7 пайызга жогорулатуу пландалып жатканын Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, бул максатка 2026-жылга карата Социалдык фонддун бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом каралган. "Биз пенсияларды 7%га жогорулатууну пландадык. Кийинки жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн кирешелерге талдоо жүргүзөбүз. Эгерде биринчи жарым жылдыкта кирешелер өссө,

Ош облусунда бүгүн 15 социалдык объект ишке берилди

Ош облусунда бүгүн 15 социалдык объект ишке берилди

Бүгүн Ош облусунда 15 социалдык объект пайдаланууга берилгенин президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Анын ичинен жетөө мектеп, алтоо бала бакча жана экөө спорт зал. Өзгөн району: * Алга айылында жайгашкан "Азада-Апа" бала бакчасы, 120 орундуу. Долбоордун наркы — 77 млн 910,1 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган. Курулуш 2024-жылы башталып, толук

"Кант ШПТ" ЖЧКсы "Эң мыкты экспорттоочу" болду

"Кант ШПТ" ЖЧКсы "Эң мыкты экспорттоочу" болду

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" мекемеси уюштурган "Эң мыкты экспорттоочу – 2025" улуттук конкурсу жыйынтыкталды. Конкурстун жыйынтыгы боюнча "Кант ШПТ" ЖЧКсы абройлуу "Өнөр жай продукциясын экспорттоодо эң мыкты экспорттооч" номинациясында биринчи орунду ээледи. Мындай жогорку баа заводдун продукциясын Казакстан, Өзбекстан жана