Улуттук банкка төраганын жаңы орун басары дайындалды
Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары болуп Медет Таиров дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Таиров Медет Маратович Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп бекитилди.
Буга чейин ал «Элдик банк» ААКнун башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Президентин дагы бир кол койгон тескемесине ылайык, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Алиев Бектур Кубанычбекович жеке арызы боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.