Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду.
Тактап айтканда, лицензиялардын аракети 2026-жылдын 24-январынан 7-февралына чейин токтотулду. Чечим төмөнкү алмашуу бюролоруна тиешелүү:
Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 95 дарегинде жайгашкан "Кызыл жылдыз Кей Джи" ЖЧКсынын 2022-жылдын 1-ноябрында берилген №6389 лицензиясы;
Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсү, 150 дарегиндеги 4-кеңседе жайгашкан "НАК Кэш" ЖЧКсынын2024-жылдын 28-октябрында берилген №6973 лицензиясы.
Тиешелүү чечим мыйзам бузууларды жоюу жана каржы рыногундагы талаптарды сактоону камсыздоо максатында кабыл алынганы белгиленди.