Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 300,8 млрд сомду түздү

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү  акчанын жалпы көлөмү 300,8 млрд сомду түздү

2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 300 млрд 778,3 млн сомду түздү. Анын ичинен 36 млрд 166,7 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 264 млрд 611,6 млн сом банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон. Бул тууралуу Улттук банктан билдиришти.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51 млрд 822,1 млн сомго же 24,4%га өскөн.

2025-жылдын IV чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республика боюнча 1 трлн 680 млрд 175,6 млн сом нак акча келип түшкөн. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 264 млрд 920,6 млн сомго же 18,7%га көп.

Ошол эле мезгилде коммерциялык банктардын кассаларынан 1 трлн 692 млрд 591,4 млн сом нак акча берилген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 271 млрд 568,5 млн сомго же 19,1%га жогорулаган.

2025-жылдын IV чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын кайтарымдуулугу 99,3%ды түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 0,3%дык пунктка төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы карыздын суммасы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда. “Ушуга байланыштуу

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-мартындагы №198-т тескемеси менен "Кыргызалтын" ААКына Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин №1 рудалык алтын жана жез казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Документке ылайык, бөлүнгөн участоктун аянты 400 гектарды түзөт. Кенди иштетүүнү баштоого чейин "Кыргызалтынга" Кыргызстандын "Тарыхый-маданий мурастарды

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчы, фермер жана тармактын адистери катышкан. Көргөзмөдө кочкорлордун салмагы, асыл тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал