УБ банктардын акча алмаштыруучу жайлар менен валюталык операцияларды жүргүзүү уруксатын узартты

УБ банктардын акча алмаштыруучу жайлар менен валюталык операцияларды жүргүзүү уруксатын узартты

Улуттук банк коммерциялык банктарга алмашуу бюролору менен валюталык операцияларды жүргүзүүгө берилген уруксатты 2026-жылдын 1-августуна чейин узартты. Тиешелүү өзгөртүүлөр жөнгө салуучунун башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 30-январындагы токтом менен киргизилди.

Бул мөөнөт төртүнчү жолу узартылууда. Буга чейин уруксат алгач 2024-жылдын 1-августуна чейин, андан кийин 2025-жылдын 1-августуна чейин узартылган.

Аталган токтом менен Улуттук банктын башкармалыгынын
2022-жылдын 22-июлунда кабыл алынган "Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндөгү убактылуу чечимдер жөнүндө" № 2022-П-33/45-2-(НПА) токтомунун күчү убактылуу токтотулду.

Коммерциялык банктар үчүн:

  • алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө накталай жана накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу суммасын алмашуу бюросунун жүгүртмө каражаттарынын чегинде, бир календардык күн ичинде чектөө;
  • Улуттук банкка жума сайын отчет тапшыруу;
  • алмашуу бюролору менен жүргүзүлгөн накталай жана накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операциялары боюнча маалыматты ар бир айдын акыркы жумуш күнүнө карата Улуттук банкка отчеттук айдан кийинки жумуш күнүнүн саат 16:00үнө чейин берүү.

Алмашуу бюролору үчүн:

  • коммерциялык банктар менен накталай чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операцияларын бир календардык күн ичинде жүгүртмө каражаттарынын жалпы көлөмүнөн ашкан өлчөмдө жүргүзүүгө тыюу салуу;
  • коммерциялык банктар менен накталай жана накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операцияларын жүргүзүүдө алмашуу бюросунун жетекчисинин колу коюлган жазуу жүзүндөгү маалыматты, мурунку күндүн аягына жана/же учурдагы күндүн башына карата жүгүртмө каражаттарынын өлчөмүн тастыктаган маалыматты, контрольно-кассалык машинанын (ККМ) чеги менен кошо берүү.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"