МинКаб "Кылым банкынан" улуттук депозитарий макамын алды
МинКаб "Кылым Банк" ААКын түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Тийиштүү чечим 2026-жылдын 30-январында № 39 токтом менен бекитилип, өкмөттүк актыларды баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды.
Документке ылайык, 2024-жылдын 26-декабрындагы № 807 токтомунун 3-пункту күчүн жоготкон деп таанылды.
Бул пункт мурда "Кылым Банкка" ААКысына Кыргызстандын аймагында борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана нумерация агенти статусун берүү, ошондой эле клиринг, эсептешүү, сактоо жана баалуу кагаздарды эсепке алуу, идентификациондук коддорду берүү укуктарын камтыган.
Ошентип, нормативдик базадан банктын ишмердүүлүгүн фондулук рыноктун инфраструктуралык функциялары менен айкалыштыруу тууралуу норма кирбей калды.
Анда да долбоордун башка параметрлери сакталат. Эске салсак, "Кылым Банк" 100% мамлекеттик катыштык менен түзүлүп, негиздөөчүсү Финансы министрлиги болуп саналат. Банктын баштапкы уставдык капиталы 1 млрд сом деп белгиленген жана 2027-жылга чейин 5 млрд сомго чейин көбөйтүлөт.