Айрым акча алмаштыруу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду
КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Улуттук банк айрым алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин убактылуу токтотту.
Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кийинки алмашуу бюролорунун уруксат кагаздары убактылуу токтотулган:
- Бишкек шаарындагы “К.М.Т групп плюс” ЖЧК алмашуу бюросу (2026-жылдын 12-февралынан тартып 14-февралына чейин);
- Бишкек шаары менен Ош шаарында жайгашкан “Форекс плюс лтд” ЖЧК алмашуу бюросу (2026-жылдын 12-февралынан тартып 26-февралына чейин)
2026-жылдын 11-февралына карата абал боюнча Кыргызстандын аймагында Улуттук банктын лицензиясын алып, акча алмаштуруу ишмердүүлүгү менен алектенип жаткан 825 акча алмыштыруу бюролору бар.