Борбордук Азиянын финансы рыногундагы жасалма интеллект 2025 - аттуу баяндама жарыяланды

Борбордук Азиянын финансы рыногундагы жасалма интеллект 2025 - аттуу баяндама жарыяланды

КРнын Улуттук банкы “Борбордук Азиянын финансы рынокторунда жасалма интеллект 2025” аттуу аналитикалык баяндама жарыяланганын маалымдады. Баяндама региондогу эң ири комплекстүү изилдөө болуп саналат. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын финансы секторлорунун 232 уюмун сурамжылоонун негизинде даярдалган.

Билдирүүгө караганда, документте 2024–2025-жылдардагы дүйнөлүк жасалма интеллект рыногунун негизги өнүгүү тенденцияларын талдоо берилген. Финансы сектору үчүн бул жасалма күнүмдүк операцияларды автоматташтыруудан интеллектти колдонууга киргизүүнүн өнүккөн сценарийлерине өтүү болуп саналат.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, уюмдардын 36% жасалма интеллект технологияларын колдонуп жатышат, 56% жакынкы бир жыл ичинде колдонууга киргизүүнү караштырууда. Катышуучулардын көпчүлүгү өнүгүүнүн баштапкы баскычтарында турушат: 38% изилдөө жүргүзүүдө, 28% жарым-жартылай колдонууга киргизүү жана пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда, ал эми 2% ЖИни өз бизнес-процесстеринде толук масштабдуу колдонууга киргизүүгө жетишкен.

Баяндама региондук бирдиктүү аналитикалык базаны түзүүгө жана Борбордук Азиянын финансы рынокторунда жасалма интеллектти өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган. 

Баяндаманын толук тексти шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы