Керектөөчү кредит жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «КРнын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Аталаган долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын КРнын “Керектөөчү кредит жөнүндө” жана “Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2 мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Долбоордо бир катар маанилүү өзгөртүүлөр каралган. Атап айтканда, «керектөөчү кредит» жана анын «толук наркы» түшүнүктөрү киргизилет. Мындан тышкары, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга карыз алуучунун карыздык жүгүн эсептөө боюнча так талаптар коюлат. Ошондой эле кредиторлор кардарларды келишим түзүүдөн мурда тобокелдиктер тууралуу милдеттүү түрдө кабардар кылууга тийиш болот. Эгер карыздык жүк 60%дан ашса, жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн экени да эскертилет.
Долбоордогу дагы бир маанилүү норма — керектөөчү кредит боюнча бардык төлөмдөрдүн жалпы суммасы (пайыздар, комиссиялар, айыптар жана башкалар) негизги карыздын 60%ынан ашпоого тийиш. Мындан сырткары, бир кредитти кайра каржылоо эки жолудан ашпоосу сунушталууда.
Кредиторлор кардарларга кредит тууралуу толук жана түшүнүктүү маалыматты, анын ичинде пайыздык чендерди жана бардык чыгымдарды ачык көрсөтүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле пайыздык чендер өзгөргөн учурда бул маалымат расмий сайттарда өз убагында жарыяланышы керек болот.
Мындан тышкары, документ Улуттук банкка мыйзам талаптарын бузган каржы уюмдарына карата таасир этүү чараларын күчөтүү ыйгарым укуктарын берет.