Алмаз Бакетаев КРнын Улуттук банкынын төрагасы болуп дайындалды
Президент Садыр Жупаровдун сунушу боюнча, бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо маселеси каралды.
Аталган кызмат ордуна Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жогорку Кеңештин депутаттары бул кызматка сунушталган Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин эч кандай суроо же сунуш киргизбестен, 73 добуш менен колдоп, шайлап алышты.
Буга чейин Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келген Мелис Турганбаев өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырды.