Дем алыш күндөргө карата Улуттук банктын чет өлкө валюталарына болгон курсу
2026-жылдын 28-мартына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы расмий валюта курстарын жаңылады. Маалыматка ылайык, сомго карата негизги чет элдик валюталардын дээрлик бардыгы арзандады, ал эми АКШ доллары туруктуулугун сактап турат.
АКШ долларынын курсу өзгөрүүсүз калып, 87,45 сом деңгээлинде калды. Ошол эле учурда евро жана орус рублинин баасы төмөндөөнү улантты. Евро дагы 0,3324 сомго арзандап, 100,7511 сомду түздү. Ал эми рубль 1,0697 сомго чейин түшүп, терс динамикасын сактап калды.
Аймактык валюталар да төмөндөө багытында болду. Казакстандын теңгеси 0,1813 сомго чейин арзандаса, кытай юаны дагы 0,0138 сомго түшүп, 12,6546 сом деңгээлинде белгиленди.
