Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк «Тиллабай» ЖЧКсынын эки лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн «Тиллабай» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялары кайтарылып алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2026-жылдын 27-мартындагы чечиминин негизинде аталган компаниянын эки лицензиясы 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүн жоготту.

Тактап айтканда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү кызматтарын көрсөтүүгө 2015-жылдын 12-июнунда берилген лицензиясы жана төлөмдөр менен эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу (процессинг жана клиринг) кызматтарына берилген лицензиялар кайтарылып алынды.

Улуттук банк белгилегендей, мындай чаралар өлкөдө төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мыйзам талаптарын сактоо максатында кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кант шаарына жакын жайгашкан "Ак-Тилек — Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жана "Кең-Булуң" КППсында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгонун айдоочулар Kaktus.mediaга билдиришкен. Алардын айтымында, мындай абал бир жумадай убакыттан бери уланып жатат. "Тез бузулуучу жүктөрдү кезексиз өткөрүп жатабыз, айдоочулар өз ара түшүнүшүү менен өткөрүп

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан"  369,3 млн сом түштү

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан" 369,3 млн сом түштү

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине чет өлкөлүк компаниялар көрсөткөн электрондук кызматтарга салынуучу кошумча нарк салыгынын (КНС), башкача айтканда "Google салыгынын" эсебинен 369 млн 308,7 миң сом (болжол менен 4,2 млн доллар) түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда айтылат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 108,

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.  Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик