Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү
“Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026” иш чарасынын алкагында, ОшМУда масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү. Ишчарага Улуттук банк ЕККУ, ИИМ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, финансы секторунун өкүлдөрү менен биргеликте студенттер, окуучулар жана шаар тургундарынан турган 500дөн ашуун киши катышты.
Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн кабарлагандай, жарманкенин жүрүшүндө финансылык сабаттуулук боюнча бир катар окутуучу иш-чаралар уюштурулду. Айрыкча интерактивдүү форматка көңүл бурулуп: катышуучулар мини-тренингдин, сынактардын жана викториналардын алкагында алган билимдерин иш жүзүндө бекемдешти.
Эң активдүү катышуучуларга, ошондой эле интеллектуалдык таймаштардын жеңүүчүлөрүнө атайын сыйлыктар берилди.


Эске салсак, кезектеги “Дүйнөлүк Акча жумалыгы” Кыргызстанда 2026-жылдын 30-мартында башталган жана ал бүгүн 3-апрелге чейинки өткөрүлүүдө.

