Президент менен жолугушуу, холдинг түзүү, күмбөз жана музейге сапар – Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын жыйынтыгы

Президент менен жолугушуу, холдинг түзүү, күмбөз жана музейге сапар – Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 30-октябрдан 1-ноябрга чейин созулган жумушчу сапары аяктады. Кечээ өлкө башчысы Бишкекке кайтып келгенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Жапаров БАЭ президенти шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушуп, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда кызматташуунун келечегин жана аны өнүктүрүүнү талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, анын арасында жалпы суммасы 1 млрд 200 млн долларга чейин коммерциялык ири өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталган уставдык фонду 100 млн доллардык биргелешкен холдинг түзүлдү.

Сапардын алкагында Жапаров ошондой эле БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президентинин Wahat Al Karama мемориалдык комплексине, жана анын ысымы ыйгарылган мечитке барып келди.

Бул тема боюнча башка жаңылыктарды окуңуз:

Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду

Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, БАЭ, Катар, Кувейт, Иордания кыргызстандыктарды жумушка алууга даяр

Кыргызстан ай сайын муздатылган кой этин Араб Эмираттарына экспорттойт

«Шоро» Бириккен Араб Эмираттарынын рыногуна кирди — Дубайда сатыла баштады

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы