Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров казак кесиптеши Касым-Жомарт Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Мамлекет башчылары бүгүн, 21-сентябрда, телефон аркылуу баарлашканын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров бул шайлоонун жыйынтыктары Токаевдин жаңы мамлекетти курууну, экономиканы өстүрүүнү жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууну көздөгөн саясий багытын эл колдоорун тастыктаганын белгиледи.

Ал ошондой эле Казакстандын президентине чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, аймактык кызматташуу маселелерин, 2022-жылдын 9-декабрында Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кепилдик фонд ISO 9001:2015 стандарты боюнча байкоочу аудиттен ийгиликтүү өттү

Кепилдик фонд ISO 9001:2015 стандарты боюнча байкоочу аудиттен ийгиликтүү өттү

2025-жылдын 15–16-октябрында «Кепилдик фонд» ААКсы эл аралык ISO 9001:2015 стандартынын талаптарына ылайык сапатты башкаруу тутумунун биринчи байкоочу аудитинен ийгиликтүү өттү. Текшерүүнүн жыйынтыгында сертификаттын аракет мөөнөтү дагы бир жылга узартылды. Бул уюмдун ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлде уюштурулганын, ички процесстердин натыйжалуулугун жана сапат принциптерине берилгендигин ырастайт. Менеджмент системаларын сертификаттоо органы «CERT

«Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол өттү

«Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол өттү

Бүгүн Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Тумановдун төрагалыгы алдында жыл сайын өткөрүлүп келген «Жашыл экономика» форумунун алкагындагы «Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол болуп өттү. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тегерек столдун негизги максаты — аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү

Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды киргизүүдө

Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды киргизүүдө

КРнын Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүүдө. Бул чаралардын алкагында административдик мамлекеттик мекемелердин ички жана тышкы жарыктандыруусун жана электр приборлорун саат 18:00дөн 06:00гө чейин максатка ылайыктуу жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чаралар имараттардын технологиялык турмуш-тиричилиги үчүн өтө маанилүү болгон

АЧК-13 долбоору боюнча  4 081,22 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

АЧК-13 долбоору боюнча 4 081,22 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

2025-жылдын  23-октябрына карата АЧК-13 долбоорунун алкагында республиканын  6 487 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө  4 081,22 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты. Берилген кредиттин ичинде:  “Мал  чарбачылык”  тармагы  боюнча  3 381,64  млн.  сом суммасында 5 443 субъект; “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 441,02 млн.