Кыргызстанда 1-февралдан баштап жеке жактарга патенттин 33 гана түрү калат – тизмеси жана тарифтери

Кыргызстанда 1-февралдан баштап жеке жактарга патенттин 33 гана түрү калат – тизмеси жана тарифтери

Министрлер кабинети патенттин түрлөрүн кыскартып, жеке жактарга эмгек ишмердүүлүгү боюнча патенттин 34 түрүн гана калтырды. Өкмөттүн токтому 1-февралдан тартып күчүнө кирет.

Төмөндө жеке жактар үчүн патенттин түрлөрү жана алардын айлык өлчөмдөрү келтирилет:

  • Металл жана металл буюмдары менен иштөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр – кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө жараша 1 миң сомдон 6 миң сомго чейин
  • Ачкычтарды жана кулпуларды даярдоо жана оңдоо – 500 сом
  • Жасалма гүлдөрдү жана аза күтүү гүлчамбарларын жасап берүү кызматтары – 1 миң сом
  • Мал жаюу боюнча кызмат көрсөтүү – 1500 сом
  • Алтынды жеке жактардын казып алуусу – 3 миң сом
  • Атайын медициналык жабдууларды оңдоо жана тейлөө – 1 миң сом
  • Таштандыларды кайра иштетүүчү материалдарды алуу үчүн үй шартында кабыл алуу кызматтары – калдыктардын түрүнө жараша 500 сомдон 10 миң сомго чейин
  • Атайын курулуш иштери – 6 миң сом
  • Дизайнерлик иштер – 15 миң сом
  • Фото иштери – 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин
  • Сүрөтчүлөрдүн ишмердүүлүгү – 1 миң сом
  • Мааракелерди жана салтанаттарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр – 4 миң сом
  • Үн жаздыруу жана видео тасма тартуу кызматы – 1500 сом
  • Котормочунун кызматы – 2 миң сом, сурдокотормочунун кызматы – 300 сом
  • Жеке ветеринардык кызмат – 3 миң сом
  • Товарларды жана жүктөрдү таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр – 2 миң сом
  • Чет тилдерин, компьютердик техниканы, бухгалтердик эсепти, айдоочулук жана башка иштерди үйрөтүү – 2 миң сом, ал эми кызмат көрсөтүүлөр репетиторлук же окутуу түрүндө көрсөтүлсө – 600 сом
  • Дарылоо массаждары жана ийне саюу кызматтары – 5 миң сом, эгерде мындай кызматтарды майып адам көрсөтсө – 1 миң сом
  • Компьютерди жана байланышты оңдоо кызматтары – 4 миң сомдон 5 миң сомго чейин
  • Жеке буюмдарды жана тиричилик буюмдарын оңдоо боюнча кызматтар – 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин
  • Жеке тейлөө кызматтары (арабада жүк ташуу, акы төлөнүүчү дааратканалар, кир жуугуч, коомдук жайларда радиодого акы төлөнүүчү жарнактарды алуу, ошондой эле телекөрсөтүү жана спутниктик антенналарды жана видеобайкоолорду орнотуу) – түрүнө жараша 150 сомдон 1000 сомго чейин
  • Бала багуучулардын, багбандардын жана үй кызматчыларынын кызматы – 500 сом
  • Баланы же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр – 300 сом
  • Укук тармагындагы иш-чаралар – 10 миң сом
  • Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде саясий партиялардын, талапкерлердин таламдарын билдирген байкоочулардын, ишенимдүү адамдардын, өкүлдөрдүн кызмат көрсөтүүлөрү – 700 сом
  • Кыргызстандагы эмгек мигранттарынын өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, курулуш тармагындагы, ошондой эле жеке кызмат көрсөткөндөрдүн кызматы – 800 сом
  • Курьердик ишмердүүлүк менен алектенүү – 1 миң сом
  • 0% бирдиктүү салык ставкасы менен жөнөкөйлөтүлгөн салык тутумунда иштеген жеке ишкерлердин кызматкерлери – 700 сом
  • Үйдө иштеген тигүүчүнүн кызматы – 700 сом
  • Визажисттердин, чач тарачтардын, маникюр жана педикюр адистеринин кызматы – 2 миң сом
  • Аянты 100 чарчы метрге чейин үйдөгү жеке баня кызматтары – 10 миң сом
  • Айдоочулар – транспорттун түрүнө жараша 1 миң сомдон 8 миң сомго чейин, анын ичинде такси кызматы – 1 миң сом, унааларды ижарага берүү, бир унаага – 2 миң сом.

Мындан тышкары окуңуз

Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция боюнча экс-депутат К. Сулайманов кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги коррупция боюнча экс-депутат К. Сулайманов кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. (Кундузбек Сулайманов) жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иш материалдарынан көрүнүп тургандай, С.

1-класска кабыл алуу: Бишкекте эмне үчүн бир нече мектептин ичинен тандоого болбойт?

1-класска кабыл алуу: Бишкекте эмне үчүн бир нече мектептин ичинен тандоого болбойт?

2026/27-окуу жылына карата Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарына окуучуларды каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2025/26-окуу жылында 12 жылдык билим берүү системасын этап-этабы менен киргизүүгө жана бир эле учурда 1- жана 2-класстарга кабыл алуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу айрым мектептерде орун жетишсиздиги жаралган. Бул кырдаалды

Кыргызстан Euronews менен кызматташат

Кыргызстан Euronews менен кызматташат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Euronews” телеканалынын президенти Педро Варгас Давид менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматты эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелери талкууланды. Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан учурда динамикалык өнүгүү жолунда болуп, эл аралык коомчулук менен ачык диалогду

Каракол мал базары толук дезинфекцияланды

Каракол мал базары толук дезинфекцияланды

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча регионалдык кызматкерлери менен Каракол шаардык ветеринария, айыл чарба, жайыт жана тоют кызматынын кызматкерлери, Каракол шаардык мэриясынын тазалык ишканасынын техникаларын колдонуу менен муниципалдык мал базарында 5%дык хлорлуу акиташ менен дезинфекция иштерин жүргүзүштү. Бул иш-чара Каракол шаарындагы мал базардын аймагында санитардык абалды жакшыртууга