Бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жатат

Бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жатат

MEGA уюлдук операторунун болжолдуу наркы 12 млрд сомго бааланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов билдирди.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мамытов ишкана жылына 1.5 млрд сомдон ашык киреше табаарын, ал эми салыктар 820 млн сомдон ашык экенин белгиледи.

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Мамлекеттик мүлк фонду «Альфа Телеком» ЖАКты баалоочу компания издей баштаган. Бул кызмат үчүн фонд 7.8 млн сом төлөөгө даяр экенин да билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы эл аралык конгрессте сунушталды

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы эл аралык конгрессте сунушталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Москвага болгон жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы тарабынан уюштурулган биринчи Эл аралык мамлекеттик башкаруу конгрессинин ишине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Президентинин Администрациясынын жетекчилери, Москва шаарынын

Быйыл агроөнөр жай комплексине 40 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Быйыл агроөнөр жай комплексине 40 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

2026-жылга агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн 40 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, каражаттар жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, фермерлерди колдоо максатында министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылып жаткан

Импорттолуп келген көчөттөргө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

Импорттолуп келген көчөттөргө фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин Ош башкармалыгы Ош облусуна импорттолуп кирген көчөт материалдарына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Көзөмөл эки баскычта жүргүзүлөт: биринчи этапта жүк Кыргыз–Өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Достук" карантиндик фитосанитардык контролдоо посту аркылуу киргизилип, бардык коштоочу документтер — фитосанитардык

Кыргызстандан тышкары иштеген салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салык мөөнөтү узартылды

Кыргызстандан тышкары иштеген салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салык мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыкка өтүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды. Салык кызматы эскертет: 2026-жылдын 1-январынан тартып салык төлөөчүлөр 0,1%дык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын