Миллиондору менен жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр мурасы» сыяктуу дагы бир «Аманат» деген ири холдинг түзүлөт

Миллиондору менен жоюлуп кеткен «Улуу Көчмөндөр мурасы» сыяктуу дагы бир «Аманат» деген ири холдинг түзүлөт

Бийлик “Аманат” Улуттук холдинг компаниясы” ААКты түзүп, анын уставдык капиталына мамлекеттин үлүшү бар чарбалык компанияларды өткөрүп берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Аталган маселелер боюнча жыйында депутаттарга Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат берди.

Депутат Улугбек Ормонов аталган холдингди түзүү кайра эле ашыкча каражатты талап кыларын эскертти.

“Аманат” деп түзүп, ашыкча эле башкаруу коюп жатасыңар. Эмне кереги бар? Мамлекеттик мүлк фонду турса, ортодон эле кайра холдинг түзүп, жетекчисине, штаттагыларга айлык төлөп… Булардын баарын Акционердик коомдор төлөйт да. Ким ойлоп таап жатат өзү? Каяктан чыгып жатат мындай сунуштар? Мүлк фонду эле башкарчу эмес беле? Жетекчи көбөйүп жатат”, – деген депутат 700 млн коротулуп, бирок жоюлуп кеткен “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги жана камакта отурган жетекчисин белгилеп өттү.

Ал эми өз кезегинде ММБФнын төрагасы Бакиров холдингди түзүү президент Садыр Жапаровдун демилгеси экенин айтты.

“Президент чыгарган жарлыкка ылайык, “Аманат” улуттук холдингин түзүү каралган. Келечекте бардык Акционердик коомдорду бир чоң компаниянын астына алып келип, бирдей башкаруу киргизип, директорлор кеңешин кыскартып жана “Аманаттын” уставдык капиталын көтөрүп, аны эл аралык соодага алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деген Бакиров өкмөткө токтом долбоору киргенин, макулдашуу жүрүп жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, комитетте 2023-2025-жылдарга КРда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселелер каралды.


Белгилей кетсек, уставдык капиталы 800 млн сомго чейин көбөйтүлгөн «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жоюлууда. Бирок анын уставдык капиталындагы 3.4 млрд сомдун 2.7 млрд сому гана бюджетке кайтарылат.

Ошондой эле 650 млн сом холдингди жоюуга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канаатандырууга жумшалат:

  • мамлекеттик салык кызматынын алдындагы кен иштетүгө алынган лицензиялар боюнча 638 млн сом;
  • компания түзүлгөндөн тарта иштеп келген кызматкерлердин айлык акысы, имараттын ижарасына төлөөгө болжолу менен 20 млн сом жумшалат. 

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан