Бийлик «Газпром Кыргызстанга» 700 млн сом карыз - компания эмнеге газ менен камсыз кылбай жатканын айтты

Бийлик «Газпром Кыргызстанга» 700 млн сом карыз - компания эмнеге газ менен камсыз кылбай жатканын айтты

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын башкы директордун экономика жана финансы боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Арзымат Алдаяров Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-январдагы жыйынында компания кирешесиз эле тариф менен иштеп жатканын жана кыргыз бийлиги аларга 700 млн сом карыз экенин билдирди.

Жыйында депутат Алишер Козуев “Газпром Кыргызстан” компаниясы “Кыргызгазды” 1 долларга алгандан бери кандай иш аткарылганына кызыкты.

“Канча жылда Кыргызстанда толук кандуу газификация кылып бүтөсүздөр? 2050-жылы да бүткүдөй эмессиздер. Келишимде кандай эле, так маалымат айтыңызчы, 100% качан газ менен камсыз кыласыздар?” – деди депутат.

Алдаяров компания газификация боюнча генералдык схема иштеп чыкканын, анын мөөнөтү 2030-жылга чейин каралганын билдирди.

“Ошол схемада Кыргызстандын газ менен камсыз болуусун 60%га көтөрөбүз деп каралган. Быйылкы план менен Бишкекте беш жаңы конуш, Чүй облусунда эки калктуу конушка – 6 миң абонентке газ берилет.

Советтер Союзунда курулган 2 миң 800 чакырымга беш жылдын ичинде 1 миң 200 газ түтүктөрүн куруп бердик. Андан тышкары, газ бөлүштүрүүчү станцияларды да куруп бүттүк.

Бирок экономикалык фактор да болуп жатат, ал жагынан биздин тариф өздүк наркынан ылдый коюлган. Пайдасыз тариф менен алты жылдан бери иштеп келе жатабыз. Өкмөт тараптан чоң карыздар да бар, ал карыздар 700 млн сомго жакындап калды. Биздин 1 жылдык инвестициялык программабыз 1 млрд сом, ошонун 700 млн сому карызда турат”, – деди “Газпром Кыргызстандын” өкүлү.

Эскерте кетсек, «Кыргызгазды» Кыргызстан 2013-жылы Россияга символикалык түрдө 1 долларга сатып жиберген. Тагыраак айтканда, 10-апрелде Бишкекте «КыргызгазПром» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 100% үлүшүн россиялык «Газпром» ААКсына сатуу (өткөрүү) боюнча келишимге кол коюлган жана кийинчерээк ал «Газпром Кыргызстан» ЖЧК болуп өзгөргөн. Натыйжада, келишимге ылайык, «Газпром» Кыргызстанды газ менен камсыздоо, газ түтүктөрүн оңдоо сыяктуу бир катар милдеттенмелерди мойнуна алган.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан