Мамлекет Баткендеги объекттерди 123 млн сомго кымбат баалаган АРИСтин долбоорунан баш тартат

Мамлекет Баткендеги объекттерди 123 млн сомго кымбат баалаган АРИСтин долбоорунан баш тартат

Баткендеги социалдык объектилерди куруу чыгымын АРИС агенттиги 123 млн сомго кымбат баалаган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, калыбына келтирүү иштери АРИС агенттигине берилип, ал эл аралык финансы инситуттарынан насыя алып, курулуш иштерин баштаган. Бул максатта тендер сунушталып, кетчү каражаттын суммасын 452 млн сомдон жогору деп эсептеген.

Калыбына келтирүү иштери АРИС агенттигине берилип, ал эл аралык каржы инситуттарынан насыя алып, курулуш иштерин баштаган. Бул максатта тендер сунушталып, кетчү каражаттардын суммасын 452 млн сомдон жогору деп эсептешкен.

“Мамлекет АРИСтин баалоосуна альтернативдүү рыноктогу баа менен салыштырып эсептеп чыкты. Жыйынтыгында 123 млн сомго көп бааланганы аныкталды. Буга чейин мамлекет сырттан алган насыяларга жол, стратегиялык обьектилерди курганда ушундай эле тендерлер жарыяланып, ортодон ар кимиси “доляга” отуруп, кымбат баалап, уурдап, талап-тоноп келишкен.

Анын кесепетинен мамлекеттин тышкы карызы өсүп, элдин мойнуна илинген. Мисалы, АРИС 225 орунга эсептелген окуу жайды курууга 115 млн сомдон жогору каражат сарпталарын көрсөткөн. Ушундай эле кубаттуулуктагы мектепти мамлекет башка аймакта куруп, ага 85 млн сом сарпталган.

АРИС 75 орундуу бала бакчаны 91 млн сомго курабыз деп белсенсе, өлкө боюнча ушунча орундуу бала бакчалар 59-60 млн сомго бүткөрүлгөн. Акысыз, белекке салып берип атса да “мейли” дейт элек. Жогоруда белгиленген 452 млн сом бул АРИС биздин мамлекетти кепилдик кылып эл аралык каржы институтунан кредит катары алган каражат.

Тагыраагы эртең балдарыбызга чейин жүк боло турган тышкы карызга кошула турган сумманын бир бөлүгү болот. Баткендеги социалдык объектилерди курууга сунушталган 452 млн сомдон эле 123 млн. сом айырма чыгып жатат.

Сырттан карыз алып, Баткендеги объектилерди 123 млн сомго кымбат курууну максат кылып жаткан АРИСтин долбоорунан мамлекет баш тартат, – деп жазды ал.

Ошондой эле ал курулуш кеч бүтсө дагы, мамлекет өзүнүн каражатына салуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан