Кумтөрдү өнүктүрүүнүн кылдат стратегиясы иштелип чыкпаса, 2025-жылы токтошу мүмкүн — Тенгиз Бөлтүрүктүн каты

Кумтөрдү өнүктүрүүнүн кылдат стратегиясы иштелип чыкпаса, 2025-жылы токтошу мүмкүн — Тенгиз Бөлтүрүктүн каты

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы менеджери учурда камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүк өзүнүн жактоочусу аркылуу ачык кат жолдоду. Ал бийлик толук кандуу отчет берүүгө мүмкүнчүлүк бербегенин, түрмөгө чейин КГКны Сингапурдагы биржага чыгарууга даярдап башташканын, Кумтөрдү өнүктүрүүнүн кылдат ойлонулган стратегиясын иштеп чыкпаса, кенди казуу 2025-жылы токтоп калышы мүмкүн экенин айтат.

Катта Бөлтүрүк финансылык бузууларга аны олуттуу айыптап жана андан ары Кумтөр жана Холдинг боюнча толук кандуу отчет берүү мүмкүнчүлүгүн бербестен, ошондой эле E&Y (Эрнст энд Янг) эл аралык аудиторунун 2021-жылдагы КГК ишинин оң аудитордук отчетун жарыялабай туруп, Кумтөрдүн жетекчилерин камакка алууга нааразы болгонун айтат.

«КГК жетекчилеринин жаңы кыргыз командасынын натыйжалуу менеджменти биз мурдагы канадалык жетекчиликке караганда Кумтөрдү ийгиликтүү башкара алаарыбызды далилдеди жана 2021-2022-жылдардагы КГК ишинин мыкты жыйынтыктары бул фактыны таамай тастыктап турат, — дейт экс-жетекчи.

Ошондой эле учурда камакта жаткан Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинде алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана КГКны Сингапурдагы биржага чыгарууга даярдап башташканын айтат.

«Кумтөрдүн биржадагы күтүлгөн баалоосу 2024-жылдын IV кварталында 6-7 млрд АКШ долларын түзөт. КГК акцияларынын 40%ын сатуу өлкө үчүн 2.5-2.8 млрд алып келет. Бул IPO деп аталат, ал дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ийгиликтүү жүзөгө ашырылып келет. Кумтөрдүн акцияларын биржада ачык жайгаштыргандан кийин акциялардын номиналдуу баасы кеминде 10 эсе өсөт. Мындай акция Кыргызстандын президентинин жана өкмөтүнүн беделине оң таасирин тийгизет.

30% акцияны сатууда түшкөн каражат (1.8-2.1 млрд доллар) жакынкы 3 жылда КР бюджетинин тартыштыгын жоёт жана төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • Кумтөрдө жана кендин айланасында интенсивдүү геологиялык чалгындоо жүргүзүү жана алтындын запасын 600 тоннага чейин көбөйтүү, б.а. Кумтөрдү пайдалануу мөөнөтүн кийинки 30 жылга узартуу
  • Кумтөрдө жаңы алтын казып алуучу фабриканы, жаңы жер астындагы кен казып алуучу жайды ишке киргизүү, учурдагы калдык сактоочу жайларды толук кайра иштетүү жана бошотуу, тышкы инвесторлорду тартуусуз кендин инфраструктурасын толук жаңыртуу
  • Кумтөрдүн пайдасынын эсебинен Жетим-Тоо, Балачычкан, Сары-Жаз ГЭСИ ж.б. ири өнөр жай долбоорлорун каржылоо, бул долбоорлорго жыл сайын 250 млн долларга чейин чегерүү.
Эгерде Кумтөрдү өнүктүрүүнүн кылдат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, анда 2025-жылы Кумтөр калдык сактоочу жайлардын толуп калышынан улам ишти токтотууга аргасыз болот, ал эми 7 жылдан кийин алтындын иш жүзүндө тастыкталган запастары аяктайт, — дейт ал.

Анын айтымында, азыркы учурда Кумтөрдө белгилүү бир адистиктердин олуттуу кадрдык тартыштыгы бар: геолог-чалгындоочулар, геотехниктер, инженер-изилдөөчүлөр, жер астындагы тоо инженерлери, долбоордук инженерлер жана менеджерлер жетишпейт. Мурда бул позициялар чет өлкөлүк адистер жана консультанттар тарабынан жабылган, ал эми азыр биз шашылыш түрдө Кумтөр үчүн гана эмес, жалпысынан улуттук кадрларды даярдашыбыз керек. Кумтөр шашылыш түрдө олуттуу өзгөртүүлөргө, технологияларды модернизациялоого, IT технологияларды киргизүүгө муктаж.

«Кумтөр өнөр жайдын жана республикабыздын гүлдөп өнүгүшүнүн флагманы болот деп үмүттөнөм», — Тенгиз Бөлтүрүк.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан