Айыл чарба министри Катар менен Кыргызстан кайсы документтерге кол койгонун кеңири айтып берди

Айыл чарба министри Катар менен Кыргызстан кайсы документтерге кол койгонун кеңири айтып берди

Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары тууралуу кеңири айтып берди. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Такталгандай, эки өлкө ортосундагы айыл чарба кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир нече документтерге кол коюлган. Биринчи маанилүү документ министрлер кабинети менен Катардын өкмөтүнүн ортосундагы ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу болду. Макулдашуу ветеринардык кызматтардын өз ара аракеттенүсү, тажрыйба алмашуу жана эки өлкө ортосундагы алдыңкы технологияларды өткөрүп берүү үчүн жаңы жолдорду ачат.

Экинчи документ КРнын Айыл чарба министрлиги менен Катардын муниципалитетинин министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу болуп саналат.

Министр билдирген үчүнчү маанилүү документ тараптардын ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум болуп саналат. Джаныбеков белгилегендей, бул меморандум айыл чарба тармагында кызматташуунун жаңы горизонтторун ачат, анын ичинде тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, айыл чарба технологияларын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону жогорулатуу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media