Бир жылда тонировка бюджетти 246 млн сомго толуктады
2022-жылдын 1-июнунан баштап унаанын алдыңкы каптал эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат кагаздары бюджетти 246 млн сомго толуктады. Бул тууралуу «Унаа» ишканасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бир жылдын ичинде 3 миңден ашык уруксат кагаздары берилген.
Мекеме эскерткендей, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып пул төлөө жоопкерчилигине тартпоо үчүн уруксаттын мөөнөтүн узартууну сунуштайт.