Жалал-Абаддын электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңыланды

Жалал-Абаддын электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңыланды

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов, КУЭТ тарабынан бөлүнгөн 9 даана жаңы авто унааларды район электр тармактар ишканаларына тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 6 бригадалык унаа жана 3 экскаватор зарыл болгон район электр тармактар ишканаларына бөлүндү. Алыскы тоолуу жана керектөөчүлөрү көп, электр чубалгылары узун райондорго берилди.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы боюнча 110 даана көмөк чордон бар, ал эми электр чубалгылардын узундугу 2714 чакырымды түзөт.

Авто унаалардын берилиши, жумуш ыргагын тездетип, кызматкерлерге кошумча шарт боло алат. Анткени, мурунку унаалардын эскилиги жеткен. Оңдоп-түзөөнү көбүрөөк талап кылчуу. Андан дагы, экскаваторлорду кезектешип иштеткенге туура келчүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media
Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media