Ош шаарында борбордук көчөсүнүн бир чакырысы асфальтталат

Ош шаарында борбордук көчөсүнүн бир чакырысы асфальтталат

Ош шаарынын Ленин көчөсү асфальт төшөөгө даярдалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Ленин көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки жол тилкесинде таза суу түтүктөрүн алмаштыруу, ирригациялык арыктарды орнотуу, Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду асфальттоо, тротуар куруу, жашылдандыруу жана жарыктандыруу боюнча иш-аракеттер кызуу жүрүп жатат.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов иштин жүрүшүн жеринде көрүп, сапатка жана бүткөрүү мөөнөтүнө көңүл буруу, жашыл аймактарды сактоо зарылдыгын белгилеп, кошумча жумушчу топтордун ишин күчөтүү тапшырмасын берди.

Жумуш иштери жалпы бир чакырымга жакын аралыкта жүргүзүлүүдө. Жол ачылган соң унаа кыймылын бир тараптуу кылуу болжолдонууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Кытай ишкердик кызматташтыкты кеңейтет

Global Finance басылмасынын версиясы боюнча DemirBank 2026-жылы "Кыргызстандын мыкты банкы" деп таанылды

Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казган эки жаранга айып пул салынды

Мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиктери жогору 284 компания менен ишкердигин токтотту

Улуттук банк банктар жана төлөм уюмдары үчүн жаңы талаптарды сунуштады