Динара Кутманованын үй-бүлөсү Кумтөрдөн 23 млн сом кымырган деп шектелүүдө

Динара Кутманованын үй-бүлөсү Кумтөрдөн 23 млн сом кымырган деп шектелүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экс-башчысы Динара Кутманованын үй-бүлөсү Кумтөрдүн эсебинен 23 млн сомду өздөштүргөн. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынын эсебинен жыл сайын 3 млн 700 миң доллары (325 млн сом) бөлүнөт. 3 жылда каржылоонун жалпы суммасы 969 миллион 568 миң сомду түздү. Көрсөтүлгөн акчанын 789 миллион 568 миң сому жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга Фонд тарабынан берилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Фонддун ишмердүүлүгүндө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана «Ходжаев» ЖКнын ортосунда алдын ала макулдашуу боюнча тендерсиз түз келишим түзүлүп, жалпы суммасы 34 млн сомго 1000 комплект атайын кийимдерди алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимдин мыйзамсыз түзүлүшүн экс-министр Динара Кутманова  колдоо кылган, ал эми «Хожаев» ИП экс-министрдин уулунун жакын досу.

КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын корутундусуна ылайык, өлкөнүн базарларындагы комбинезондун баасы 11 млн сомдон ашпайт, 23 млн сомдук айырманы Кутманованын өзүнүн үй-бүлөсү өздөштүргөн.

Эксперттик комиссиянын 3 отуруму К.Д.А. тарабынан туунду уюмдардын кызыкчылыгын лоббирлөө жана кысым көрсөтүү менен өткөнү аныкталган. Экс-министрдин көрсөтмөсү менен төртүнчү жыйын комиссия мүчөлөрүнүн иш жүзүндөгү катышуусуз формалдуу түрдө өткөнүн Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү тастыктады.

Каржыланган 110 долбоордун ичинен азыркы этапта 22 долбоор текшерилди, алардын көбү өз максатына туура келбейт, каржылоо мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча жүргүзүлдү, б.а. максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктоо менен экологиялык жана башка экспертизаларды өткөрбөстөн бекитилет жана каржыланат. Бюджеттик каражаттарды түз алып кетүүгө өзүнчө долбоорлор шылтоо болгон.

Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстар министрлигинин ишине түздөн-түз кийлигишкени тууралуу түз далилдер келип түшкөн жана К.К. - экс-министрдин уулу "К.Д.А" долбоорду каржылоонун суммасынан 10% өлчөмүндө  алган. Мындай көрсөтмөсүндө аталган мекеменин директору К.К. 5 чарбалык субъектилерден 17 миллион сомдон ашык суммада компенсациялар алынган.

Ошондой эле, “А.Г.А” – экс-министрдин эжеси “К.К. «Жашыл Мурас» коомдук фондунун долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражаттын алынышына себеп болгон.

"A.Г.A." кармалып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу үй камагына бошотулган.

Дагы бир факт – «Э.К.»  коомдук фондунун эсебине Чуй районундагы кичи ГЭСти курууга 23 миллион сом которулган. Ал эми  «Э.К.» КФнын директору, чындыгында экс-министрдин үй кызматчысы болуп иштейт. Бөлүнгөн 23 миллион сомдун 15 миллионун “К.Д.” үй-бүлөсү өздөштүргөнү аныкталган.

Кылмыш иши козголгондон бери төмөнкү адамдар кармалып, айыпталууда:

• Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-биринчи орун басары, эксперттик комиссиясынын төрагасы "С.К.Р." - УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;

• Жаратылыш ресурстар министрлигинин экс-орунбасары  «И.Б.М. - УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;

• Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын директору, эксперттик комиссиясынын мүчөсү "К.Т.К." - УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;

• «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун директору «К.Ж.Т. – УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;

• Фонддун экологиялык долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү боюнча адиси “О у  Э”. үй камагына чыгарылган;

• Жакын тууганы "К.Д.А." - "A.Г.A.";

• “К.Д.А” үй-бүлөсүнүн жакын мамилеси бар жеке ишкер "Х.Ш.Т."  - УКМКнын СИЗОсуна камалган;

• «Э.К.» коомдук фондунун директору,  "М.А.М." - чындыгында «К.Д.А.»нын үй кызматчысы -УКМКнын СИЗОсуна камалган.

Учурда КР УКМК тарабынан дагы  башка жана жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жакынкы арада К.Д.А.нын катышуусунда тергөө иш-чараларын жүргүзүү пландалууда, - деп билдирди УКМКнын Басма сөз борборунан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди