Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларына барды

Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай ишканаларына барды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Алгач МинКаб Төрагасы Кара-Балта шаарындагы «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводунда болду.

Жапаров заводдун өндүрүш аймактары менен таанышып чыккандан кийин «Чайна Петроль Компани» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, анда 2019-жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси талкууланды.

Андан ары МинКаб Төрагасы 90дон ашуун адамды жумуш менен камсыз кылган «Дан» мамлекеттик ун ишканасында болду.

2023-жылдын башынан бери ун ишканасы Мамлекеттик материалдык резервдер фондун буудай менен камсыздап келет, бүгүнкү күндө ишкананын кампаларында 1000 тоннадан ашуун ун бар.

Бул багытта МинКаб Төрагасы мамлекеттик өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттерине токтолуп, аларды модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

“Биз “ылдамдык менен өнүгүү доорунда” турабыз, биз бул өзгөрүүлөргө туруштук беришибиз керек, антпесе артта калуу коркунучу бар. Бизнес-долбоорлорду даярдагыла, “бир орунда турбагыла”, мамлекет башында туруп каржы институттары, өнүктүрүү фонддору менен керектүү колдоо көрсөтүлөт”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Мындан тышкары, Төрага “Декна Бишкек Текстиль” текстиль чыгаруучу ишканасына барып, өндүрүш процесси менен таанышты жана ишкананын иштеп жаткан кампаларын көрүп чыкты.

Ишканада өндүрүштү кеңейтүүгө даярдыктар жүрүп жатканы айтылды, МинКаб Төрагасы бул планды ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын соңунда “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына барды.

Ал белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу электр лампа заводунун мисалында, бардык мамлекеттик ишканалар жана завод-фабрикалар жабдууларын эл аралык стандартка жооп бере тургандай кылып жаңыртуу зарыл, алар технологиянын өнүгүү доорунда дайыма жаңыланып туруу зарыл.

“Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча “Кара-Балта спирт заводу” өткөн жылдын жылдык көрсөткүчүнө жарым жылда жетишти – бул жакшы көрсөткүч. Заводдун жумушчуларынын эмгек акысын жогорулатуу маселесин чечуу керек. Азыр мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жеке секторго караганда жогору, ага жетиш керек», - деди Акылбек Жапаров.

Борбор калаага бараткан жолдо МинКаб Төрагасы “Строй Сервис плюс” курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен дагы таанышып, бул заводдун борбордун түштүк  бөлүгүнө куруп жаткан “Жаштар кварталы” деп аталган объектисинде болду.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media