Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарынын компаниясы курат

Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарынын компаниясы курат

"Политклиника" порталынын журналисттери Мамлекеттик ипотекага (МИК) бериле турган батирлерди Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин туугандарына таандык "Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсы курары тууралуу маалыматты фактчек материалы менен далилдешти.

Аталган медиа "Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсынын Нариман Түлеев менен байланышын текшерип көргөн.

Кыргыз фондулук биржасынын ушул жылдын 1-августунда берген маалыматына ылайык, МИК "Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсы менен МИК ААКнын жер участокторуна коомдун кызыкчылыгында турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча ири келишим түзүшкөн.

Макулдашууга ылайык, инвестициялык долбоорго салым катары "Экспострой курулуш компаниясына" баланстык баасы 1 млрд 406 млн 821 миң 828,45 сомдук жалпы аянты 9.64 га эки жер тилкеси убактылуу пайдаланууга берилген.

"Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсы жана анын айланасындагы чырлар

"Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсы 2003-жылы негизделип, Бишкек шаарында бир нече ири курулуштарды курган. Мисалы, Исанов көчөсүндө жайгашкан "Доскредобанк" банкынын башкы офисин, "Caravan" соода борборун, "Sapat-Center" бизнес борборун, "Рахат" соода борборун салган.

Юстиция министрлигинин сайтында "Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсынын жетекчиси катары Нариман Түлеевден туугандарынын бири Түлеев Кубанычбек Бексултанович жана юридикалык дареги катары Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык "ГУМ" соода борбору көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, Нариман Түлеев 2020-жылы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп турганда (ал бул кызматтан бир күндөн кийин кеткен) "Кактус медиа" редакциясынын журналисти мыйзамсыз курулуштар менен кантип күрөшөрүн жана бир нече жолу мыйзам бузууга айыпталган "Экспострой" курулуш компаниясы тууралуу суроо узаткан. Анда Нариман Түлеев бул компания өзүнө эмес, жакындарына тийиштүү экенин айткан.

"Экспострой" курулуш компаниясынын айланасындагы чырлар тууралуу маалыматтар ЖМКларга байма-бай чыгып турат.

Мисалы, 2014-жылдын 30-декабрында "Экспострой" курулуш компаниясынын курулушундагы өспүрүмдүн өлүмү фактысы боюнча компаниянын ошол кездеги директордун орун басары  Нариман Түлеевге айып пул салынып, Мамэкотехинспекциянын эки инспектору иштен алынган. Бул тууралуу "Акипресс" маалымат агенттиги кабарлаган.

Ал эми 2020-жылдын 29-октябрында «Экспострой» курулуш ишканасынан батир сатып алган жарандар курулуштагы мыйзам бузуулар тууралуу Kaktus.media сайтына билдирип, бул иш боюнча кылмыш ишин козгоого болорун айтышкан.

Жарандардын айтымында, 2013-жылы берилиши керек болгон батирлер 2017-жылы толук бүтө элек абалда берилген. Курулган үйдүн сапатына да нааразычылыктар абдан көп болгон.

Жыйынтык: "Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсы мамлекеттик ипотекага берилүүчү батирлерди курат. Ал эми компания Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына таандык экени чындык.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media