Өкмөт башчысы Оштогу жаңы ачылган бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт башчысы Оштогу жаңы ачылган бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районундагы бир катар быйыл жаңы курулуп иштетүүгө берилген бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Алгач Минкаб Төрагасы Зулпиев айыл аймагындагы “Кашкалдак” бала бакчасына барды. Заманбап бардык шарты менен курулган бала бакча 120 балага ылайыкташып, жергиликтүү 27 адам жумуш менен камсыз болгон. Курулуштун жалпы суммасы 43 млн сомдон ашуун.

Андан соң Кара-Таш айыл аймагындагы “Бүрабия эне” бала бакчасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал үчүн 55 млн сом жумшалган. Мында 3 жаштан 6 жашка чейинки 100 бала кабыл алынат. Бул айыл аймактын калкынын саны 16 миңден ашуун.

Быйыл жаңыдан курулуп иштетүүгө берилген бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышкан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет балдарга болгон камкордукту бала бакчалардан баштаарын жана мындай заманбап бала бакчаларды куруу иштери республиканын бардык аймактарында жүргүзүлөөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"