Өкмөт Бишкектин ЖЭБинин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди

Өкмөт Бишкектин ЖЭБинин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Таанышуу учурунда МинКаб Төрагасы көмүр кампасына жана металл сыныктары топтолгон жерге барып, Энергетика министрлигинин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Минкаб төрагасы буга чейин ЖЭБге барганда бардык топтолгон металлды демонтаждап, ЖЭБдин аймагын ирээтке келтирүүнү тапшырган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда “Металлпром” мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде топтолгон металл сыныктарынын бир бөлүгү борбордогу ЖЭБдин аймагынан чыгарылды, калган бөлүгүн жакынкы аралыкта чыгаруу пландалууда.

Минкаб төрагасы бул багыттагы иштерди тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында аткарылып жаткан иштерди толугу менен жана бекитилген мөөнөттө аткарууну көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ал белгилегендей, көмүрдүн белгиленген көлөмүн камсыз кылуу жана кышкысын маселе жаралуусу мүмкүн болгон жайларда техниканын даярдыгын текшерүү зарыл.

Өз кезегинде энергетика министри Жапаровго быйыл күз-кыш мезгилдеринен чыгуу үчүн 1200 миң тонна көмүр керектелээрин, үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрына карата ЖЭБдин кампасында 310 миң тонна көмүр бар экенин, ал өткөн жылга салыштырмалуу 110 миң тонна көмүргө көп экендигин маалымдады.

Ал ошондой эле борбор калаанын ЖЭБи жылытуу мезгилине толук даяр экенин ырастап, “бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатканын” белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media