Өкмөт Япониянын финансы министри менен жолукту

Өкмөт Япониянын финансы министри менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Финансы министринин орун басары Масато Канда менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн жогорку потенциалды белгилешти.

Жапаров учурда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын, ошондой эле жогорку технологияны өнүктүрүү тапшырмасы коюлганын, атаандаштыкка жөндөмдүү экспорттук тармакты өнүктүрүү, мамлекеттин экономикасын камсыз кылууда өнүктүрүүнүн экспорттук-сырьелук түрүнөн индустриалдык-инновациялык түрүнө өтүү милдети коюлганын белгиледи.

Япония автомобиль чыгаруу, кеме куруу, курулуш жана металлургия, энергетика, робототехника жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактарда лидер экенин эске алып, МинКаб Башчысы бул багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал КРнан кадрларды даярдоону жакшыртуу боюнча чараларды кароону сунуштады, анын ичинде тилди окутуу жана япон эмгек рыногунун муктаждыктарына жооп берген кесип ээлерин үйрөтүү.

Масато Канда ошондой эле япон тарап гранттарды жана жеңилдетилген насыяларды тартуу жана берүү жагынан эл аралык каржы институттары (Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) аркылуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бакай-Атада кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкана куруу колдоого алынат

Бакай-Атада кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкана куруу колдоого алынат

Президент Садыр Жапаров Бакай-Ата районунда кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкананын курулушун колдоо зарылдыгын белгиледи. Бул маселе мамлекет башчысынын Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда көтөрүлдү. Маалым болгондой, өлкө башчысы жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле аймактын

Ишкер Media
Көмүр экспортуна 6 айга тыюу салуу сунушталууда

Көмүр экспортуна 6 айга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда көмүрдү сыртка ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору бүгүн коомдук талкууга чыгарылды. Документ өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ички рынокто катуу отундун тартыштыгын алдын алуу жана көмүрдү экспорттоо боюнча операцияларды мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан. Анда бул чараларды колдонуу көмүрдүн

Ишкер Media
Талас облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады

Талас облусунда социалдык жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады

Талас облусунда социалдык, билим берүү, маданий жана өндүрүштүк багыттагы 29 объекттин курулушу аяктады. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн кошумча каражаттар бөлүнгөн. Тактап айтканда, Талас районунда объекттерди оңдоого, жол инфраструктурасын жакшыртууга, ичүүчү суу

Ишкер Media
Баткенде 40,3 миң тонна көмүр калкка жеткирилди

Баткенде 40,3 миң тонна көмүр калкка жеткирилди

Баткен облусунда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери уланууда. Облустун көмүргө болгон жалпы керектөөсү 132–135 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калк үчүн 100,8 миң тонна көмүр талап кылынат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Билдрирүүгө ылайык, бүгүнкү күнгө карата калкка 40,3

Ишкер Media