Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенинин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди

Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенинин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл жана Нарын облустарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилер менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жапаров Балыкчы шаарындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын көмүрдү жүктөө жана түшүрүү пунктунун даярдыгын текшерди.

Белгилүү болгондой, көмүрдү жүктөө жана түшүрүү иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Андан ары минкаб төрагасы Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинин “Борбордук” участогуна барды.

Акылбек Жапаров кырдаалды ийне-жибине чейин изилдеп, талдоо жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштоону тапшырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген