Лейлек районунда жерлерди бузган фактылар аныкталды – зыяндын суммасы 36.4 млн сомду түздү

Лейлек районунда жерлерди бузган фактылар аныкталды – зыяндын суммасы 36.4 млн сомду түздү

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Лейлек районунун Максат айылында жер мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, текшерүү УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын катынын негизиндеги жүргөн.

Максат айылынын үстүнкү тарабындагы айдалган 77.8 га жайыт жеринин күрдүү катмарын бузууда  келтирилген зыяндын суммасы 36 млн 410 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы 9 ай аралыгында укук коргоо жана башка органдар менен биргеликте 99 текшерүү иштерине катышкан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады

Бишкекте бир күндө 1479 тонна таштанды чыгарылды

Данияр Мелисов дзюдо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду

Сауд Арабия парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди