Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясы тастыктады.

Армян тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Пашинян бир катар жагдайлардан улам жыйынга катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ички иштер министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги 2026-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердиктин жыйынтыгы чыгарылды. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында коллегиялык отурум өттү. Ага министрдин биринчи орун басары, орун басарлары, ички аскерлердин кол башчысы жана ички иштер органдарынын башчылары катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлайт. Күн тартибинде ички иштер органдарынын

Ишкер Media
ОшМУ чет өлкөлүк беш университет менен келишим түздү

ОшМУ чет өлкөлүк беш университет менен келишим түздү

Ош мамлекеттик университети Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык билим берүү форумунун алкагында беш жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти. Маалыматына караганда, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Польша, Түркия, Канада жана башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окумуштуулар жана эл

Ишкер Media
Кара-Сууда жайытка мыйзамсыз үй куруудан 390 миң сом зыян келтирилди

Кара-Сууда жайытка мыйзамсыз үй куруудан 390 миң сом зыян келтирилди

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын аймактагы башкармалыгы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайыт жерге уруксатсыз турак үй курулгандыгы аныктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагындагы Курбан-Кара айылынын Мирный участкасында жүргүзүлгөн мониторинг учурунда жайыт жерлерине тиешелүү уруксат документтерисиз курулуш иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болгон. Тактап

Ишкер Media
Ошто РКӨФ колдоосу менен жеке мектеп оңдолүп, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү

Ошто РКӨФ колдоосу менен жеке мектеп оңдолүп, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү

Ош шаарында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жеке мектептин инфраструктурасы кеңейтилип, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2006-жылдан бери иштеп келе жаткан “Грамотей” мектебинде жаңы филиал ачылып, негизги имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Чатыры толугу менен алмаштырылып, ичи оңдоп

Ишкер Media