Жээнбек Кулубаев беларустук кесиптеши менен жолукту

Жээнбек Кулубаев беларустук кесиптеши менен жолукту

Бүгүн, 11-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз беларустук кесиптеши Сергей Алейник менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-беларус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чаралар, анын ичинде 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны тууралуу сөз кылышты.

Тараптар саясий диалогду колдоонун, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн, транспорттук-логистикалык жана өнөр жай чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуунун, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду жана иш-чараларды жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маектештер өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык рухунда кыргыз-беларус мамилелерин кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды