Экс-министр Динара Кутманованын уулу кармалып Кыргызстанга жеткирилди

Экс-министр Динара Кутманованын уулу кармалып Кыргызстанга жеткирилди

Жаратылыш ресурстар министрлигинин мурдагы министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов кармалып Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, тергөөнүн жүрүшүндө Кутманованын уулу К.Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө «откат» түрүндө алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган.

Көрсөтмөлөргө ылайык, К.Кутманов 5 чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 миллион сомдон ашык суммада компенсация алган. Ошондой эле, ал «Жашыл Мурас» КФ долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражатты чыгарып салууга себеп болгон.

“Анын үстүнө, К.Кутманов «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө Фонддун ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого жеке кызыкчылыгын жасап турган”, - деп белгиледи мекеме.

2021-жылдан азыркы мезгилге чейинки мезгилде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынан КРнын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорун ишке ашырууга жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат, (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн. сом) бөлүнгөн. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын. Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” (ИӨФ) 720 миллион сомду башка максаттарга пайдаланып, анын ичинен мамлекетке 192 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттин кирешесине 56 миллион сом кайтарды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 29-майында Казакстанга чыгып кеткенди, андан кийин 2023-жылдын 13-июнунда Москва шаарына учуп кетип, андан кийин 2023-жылдын 19-июнунан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жүргөндүгү аныкталды.

К.Кутмановго «ИНТЕРПОЛ» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган жана УКМК менен Түркиянын биргелешкен ишинин натыйжасында анын так жайгашкан жери аныкталып, андан соң кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө К.Кутманов анын катышуусу менен тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КРнын аймагына алынып келинип, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК иштин бардык жагдайларын жана коррупциялык фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерди улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Леваневский көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкекте Леваневский көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкек шаарында Леваневский көчөсүнүн Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аткарып жатат. Белгилей кетсек, буга чейин Леваневский көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Айни көчөсүнө чейинки бөлүгү 2025-жылга карата титулдук тизменин алкагында оңдолуп, жол жана тротуарлар жаңыланган. Учурдагы долбоор боюнча Айни көчөсүнөн

"Сүрөтчүлөр үйү" боюнча талаш: мэрия маалыматтарды четке какты

"Сүрөтчүлөр үйү" боюнча талаш: мэрия маалыматтарды четке какты

Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган "Сүрөтчүлөр үйү" боюнча токтом долбоору соттун чечиминен кийин кайра чакыртып алынган деген маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Муниципалитеттин билдирүүсүнө ылайык, долбоор коомдук талкууда турган учурда да, аны күн тартибинен алып салуу каралып жаткан учурда да сот тарабынан чектөө чаралары

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" ААКы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кооперативдерди жана агробизнести колдоого багытталган "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2" (ФОТП–2) программасын ишке киргизди. Бул максатта 500 млн сом каражат бөлүндү. Жаңы продукт айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана ЖЧКларга багытталган. Программа үч негизги багытты камтыйт: мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 3-апрелде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал 2023-жылдын 26-июлунда 150 миң долларын Кытайга которуп берүү үчүн берген, бирок алданган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган. Милиция